Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Билал Шарип уулу Албаниянын Тирана шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 65 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач кыргыз балбаны 1/16 финалдык беттеште молдовалык Павел Граурду 12:2 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште румыниянын балбанын Дэниел М.Сандуну 10:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
1/4 финалдык беттеште россиялык балбан Ибрагим Ибрагимовго 8:2 эсебинде жеңилген. Жубатуучу беттеште белгиялык Ильяс Абдурашидовду 15:4 эсебинде утуп, 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Билал Шарип уулу коло медаль үчүн беттеште өзбекстандык спортчу Умиджон Жалаловду жеңип, 3-орунду ээледи.