Кара-Кулжа районунун Кайын-Талаа айылындагы К.Мамаев атындагы мектептин курулушу аяктап калды.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталган.
Курулуп жаткан мектептин окуу корпусу эки кабаттуу төрт блоктон, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2005 чарчы метрди түзгөн билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 275 орунга эсептелген.
Долбоорго ылайык жаңы мектепте окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлгөн:китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, спорттук залда чечинүүчү жайлар жана душ кабиналары каралган. Мектептин негизги класстык кабинеттеринен тышкары мектепте компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган.
Бүгүнкү күнгө карата объекттин курулуш даярдыгы 90 пайызды түзөт. Курулуш-монтаждоо жумуштары “Агым Прогресс” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.
Белгилей кетсек, аталган мектептин наркы 175 млн сомду түзөт.