Четверг, 31 октября

Байсалов: Биз гимнди ырдай албай жатабыз

0

Эдил Байсалов гимнди өзгөртүү идеясын колдоду Ал спикер менен президенттин айтканын ар бир адам мурунтан эле сезип жүргөнүн билдирди.

“Биз ырдап келген, ырды сүйгөн элбиз. Биз эл арасындагы ырларды, романстарды ырдаганды жакшы көрөбүз, сүйүүбүздү ыр менен жеткиребиз. Бул гимнди ырдай албай турган болуп калдык. Мындан үч жыл мурун композиторлорго кайрылып, гимнди ырдай тургандай кылып өзгөртүүгө болобу деп сурагам. ЖМКнын көпчүлүк өкүлдөрү бул суроону өлкөнүн жаңы бийлиги баарын өзүнө ыңгайлаштырып, кайра жазууну каалап жатат деп туура эмес түшүнүп жатат. Андай эмес! Баарыбыз муну көптөн бери сезип жүрөбүз, көптөн бери айткыбыз келип жүргөн нерсе. Биз Ата мекенге сүйүүбүздү билдирип, аны даңктап ырдагыбыз келет. Бирок коошпой жатат”, — деди Байсалов.

Ал композитор менен музыканттарга кайрылып, гимнди өзгөртүү идеясын колдоого, жаңы гимнди жазууга кол кабыш кылууга чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз