Воскресенье, 24 ноября

Кара-Балтада «Манас» спорт комплекси ачылды

0

Кара-Балта шаарынын жаңыланган «Манас» спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.

«Өлкөнүн булуң бурчунда спорттук инфратүзүмүнүн өнүгүшү жана обьектилерди оңдоп түзөө иштери түздөн-түз мамлекет Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун берилген тапшырмасынын негизинде ишке ашып жатат. Бул келечек муунга — балдарыбызга, спортчуларыбыздын өнүгүшүнө мыкты шарттарды түзүп берүү үчүн ишке ашууда», — деп белиледи өз сөзүндө КФБ башчысы.

Ачылыш азем «Кыргызалтын» жана «Талант» клубдарынын беттеши жана концерттик программа менен уланып, ага Кара-Балта шаарынын тургундары жана коноктору күбө болушту.

Спорт комплекс Кара-Балта шаарынын атынан чыккан «Кыргызалтын» клубунун окуу-машыгуу базасы болуп саналат. Жаңыланган спорт комплекс 4,92 гектар аянтты ээлеп, үч кабаттуу мейманкана имаратын, жеңил атлетика үчүн кышкы манеж, жабык бассейнди, бокс жана күрөш залдарын, толук көлөмдүү футбол оюн талаасын жана эки кичи футбол аянтчасын камтыйт.

Негизги оюн талаасы гибриддик газондуу, 2150 орундуу көрүүчүлөр трибунасы жана VIP-трибуна менен жабдылган. Жаңы жарык берүүчү шам чырактар футболук беттештерди жана иш-чараларды кечки убакытта өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Комплекстин коноктору жана кызматкерлери үчүн 100 орундуу унаа токтотуучу жай каралган.

Реконструкция үчүн Кара-Балта мэриясынын бюджетинен 136,3 миллион сом, «Кыргызалтын» ЖАК тарабынан 47 млн сом, Кыргыз футбол биримдигинен 33 млн сом каражат бөлүндү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз