Бүгүн Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөө иштерине жалпы 37 куткаруучу чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле жергиликтүү тургундардан 20 адам, жалпы 37 адам чыкты.
Эске салсак, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.