Воскресенье, 24 ноября

Трамп Украинадагы согушту убактылуу токтотууну пландоодо

0
АКШдагы президенттик шайлоодон утуп чыккан Дональд Трамптын айланасындагылар Украинадагы жаңжалды убактылуу токтото турууну караштырууда. Бирок курал берүүнү улантууну пландап жатат. Бул үчүн Киев бир нече жыл НАТОго кирүүдөн баш тартууну убадалашы керектигин Wall Street Journal гезити жеке булактарына таянып жазды.
Гезиттин маалыматы боюнча, мындай планда жаңжалды токтотуп туруу жана фронттук линияларда демилитаризацияланган аймактарды түзүп алуу каралган.
«Трамптын кызматка киришмекчи болуп жаткан кеңсесинин сунуштарынын бири — Киевден кем дегенде 20 жылга чейин НАТОнун курамына кирбей туруу убадасын алууну камтыйт. Бул үчүн АКШ Украинаны курал менен камсыздоону улантат», — деп жазылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз