Суббота, 23 ноября

Өзбекстанда «Манас» театрынын филиалы ачылат

0

Улуттук «Манас» театрынын филиалы коңшу Өзбекстанда ачылат. Театр жетекчилиги мындай сунуш кат менен Өзбекстандын маданият министрлигине, диаспораларга кайрылган.

Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон “Манас” театры 2021-жылы түзүлгөн. Театрдын ишмердиги үчүн алгач борбордогу Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынан кеңсе бөлүнгөн.

2022-жылы «Манас» театрына мыйзамсыз баюуга айыпталып камакка алынган Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевдин мамлекеттин балансына өткөн үйү берилген.

2024-жылдын апрель айында «Манас» театрынын жаңы имараты ачылган. Имарат мурдагы «Манас айылы» этнографиялык комплекси жайгашкан жерде, «Ынтымак Ордонун» жанында. Имаратта 300 орундуу концерттик зал бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз