Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылы таза суу менен камсыздалат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, Ичүүчү сууну камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Шадманов атайын жумушчу топ менен бирге Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы таза суу чыгаруучу аймакты жеринен текшерип, тийиштүү тапшырмаларды берди.
Учурда жумушчу долбоор иштелип чыгып, керектүү документтер Аламүдүн районунун архитектура башкармалыгына берилди.
Долбоорго ылайык, Таш-Дөбө айылында 2 скважина курулуп, ичүүчү суу түтүктөрү орнотулуп, жарандар таза суу менен толук камсыз болот. Каржылоо республикалык бюджеттен каралды.