Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон хан айыл аймагында Б.Бердалиев, Б.Молдокан, Орто-Сай, Москва көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери аяктады.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 3,4 чакырымга асфальт басылды. Учурда жол сызыктарын чийүү иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, эски автобекеттин айланасына асфальт басылып, жол сызыктары чийилди.
Белгилей кетсек, министр Абсаттар Сыргабаев үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бердалиев жана Молдокан көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерин текшерип, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын койгон.