Кыргызстанда бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош облусунда – 4;
- Чүй облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Нарын облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.