Пятница, 15 ноября

Акылбек Жапаров: Консолидацияланган бюджет эки жылда 2,5 эсеге көбөйдү

0

2023-жылга консолидацияланган бюджет эки жылда 2,5 эсеге көбөйүп, 577,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, салык кызматы 183 миллиард сом чогултуп, 2022-жылга салыштырмалуу 28,3 миллиард сомго көп болсо, бажы кызматынын чогултуусу 111,5 миллиард сомго жетип, 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 37,2 миллиард сомго көп.

«2024-жылдын бюджетине өтүүдөн мурун, 2024-жылдын 10 айынын макроэкономикалык маалыматтары боюнча өсүш 9,6%ды, ал эми «Кумтөрдү» эсепке албаганда 10,8%ды түзгөнүн белгилей кетейин. Дүйнөлүк банктын 2024-жылдагы ИДПнын реалдуу өсүү темпине берген баасы боюнча Кыргызстан Европа менен Борбордук Азиянын “тез өнүгүп жаткан экономикаларынын” лидерлеринин катарына кирет. Жайында өлкөбүзгө иш сапары менен келген БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан “уктап жаткан сулуудан” “тез күлүк атка” айланганын бекеринен айткан эмес», — деди Жапаров.

Ошондой эле төрага 2023-жылы ИДП 1,3 триллион сомду түзүп тарыхый чектен ашканын, ал эми быйыл 1,5 триллион сомду түзөрү күтүлүп жатканын айтты.

«ИДПны жан башына бөлүштүрө турган болсок, 2020-жылы бул көрсөткүч 1,2 миң долларды түзсө, 2024-жылга чейин 2,5 миң доллардан ашат. Үч жылдын ичинде мындай көрсөткүчтөргө жетебиз дегенге эч ким ишенген эмес. 2024-жылы калктын жан башына бюджеттин кирешеси 671,2 долларды түзсө, 2020-жылы 301 долларды түзгөн, бул эки эсеге өскөндүгүн билдирет. 2021-жылы 239 доллар (20 249 сом) болгон орточо эмгек акы 2022-жылы 316 долларга (26 620 сом), 2023-жылы 376 долларга чейин жогорулап, быйыл 415 долларга (35 791 сом) жетиши болжолдонууда. Улуттук өнүгүүнүн алгылыктуу таасири калктын бардык катмарында байкалууда», — деп кошумчалады ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз