Суббота, 23 ноября

Бишкекте Мамлекеттик цирктин айланасы жашылдандырылды

0

Бишкекте Мамлекеттик циркти жана анын айланасын реконструкциялоонун алкагында комплекстүү көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери ийгиликтүү аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө жер тегизделип, кара топурак алынып келип, газон чөптөр себилди.Ошондой эле 20 түп ольха көчөтү, барбарис бадалдары, колонна түрүндөгү туя, гортензия жана башка бадалдарды отургузулду.

Эстетикалык көрүнүштү жакшыртуу жана жагымдуу атмосфера түзүү үчүн цирктин маңдай бетине япон бакчасы уюштурулду. Ошондой эле тоо карагайлары жана хризантемалар отургузулду.

Мындан тышкары, өсүмдүктөрдү узак мөөнөттө жана натыйжалуу кам көрүү үчүн тамчылатып сугаруу системасы орнотулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз