Суббота, 23 ноября

Элчи Женгиз Камил Фырат: “Терроризмдин куралы ѳзгѳрдү”

0

Элчи Женгиз Камил Фырат: “Терроризмдин куралы ѳзгѳрдү”,- деди элчи ѳткѳрүлгѳн басма сѳз жыйында. Иш чара “15-июль- демократия жана улуттук ынтымак” күнүнѳ карата ѳткѳрүлдү. Азыркы күндѳ терроризмди согуштук куралдар менен эмес, билим берүү системасы аркылуу таратуу ыкмасы күч алгандыгы айтылды. 

Туркияда 2016-жылы 15-июлда болгон тѳңкѳрүштѳн кийин бул күн расмий                          «Демократия жана улуттук ынтымак» күнү аталган. 

 Ошондой эле элчи, Туркияда болгон окуя Кыргызстанга таасир тийгизбейт деген ойдон алыс болуу керектигин баса белгиледи. Себеби “Себат” мектептеринин негизги максаты негиздөөчүсү болгон Фетуллах Гүлендин кадрларын даярдоо жана каражат табуу. Расмий Анкара 2016-жылкы окуялардан кийин “Себат” мектептеринин негиздөөчүсү болгон Фетуллах Гүлен башында турган ФЕТО уюмун террордук уюм экени тааныган. Кыргызстанда бул уюмдун мектептери ар аймакта жайгашкан.

Фетуллах Гулен маалымат булактарына берген интервьюсунда кызматкерлерине: «Барып иштеген ѳлкѳдѳ бүт күчтү ѳзүңѳргѳ алмайынча, ким экениңерди ачыкка чыгарбагыла »,-деген.

Бул уюм балдарды мектеп жашынан баштап, ѳзүнүн келечектеги кадрларын даярдайт.

Ошондой эле, элчи журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Туркиянын официалдуу инсандары бир нече жолу FETO уюмунун ѳкүлдѳрү Бишкекте деп айтып келишет. Үч жыл аралыгында абал ѳзгѳрдүбү? Алардын таасири кандай болду?

— Бул суроого Кыргызстандагы компетенттүү органдардын- ИИМ жана калкты каттоо бѳлүмү.

 Бүгүнкү күндѳ «Себат» мектептери «Сапат» деген ат менен ишин улантууда. «Ататюрк Ала-Тоо» жогорку окуу жайы да ишин токтоткон жок. «Марал FM»,«Сересеп» сайты да иштеп жатат. Ошондой эле башка да ММКалар батыштын колдоосунда иш алып барып жатканын билебиз.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз