Суббота, 23 ноября

Тѳрага Түркияда

0

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын тобу иш сапар менен Туркияда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Туркиянын Анкара шаарында мындан үч жыл мурда ишке ашпай калган тѳңкѳрүштүн курмандыктарын эскерүү иш чарасына Кыргызстандык делегаттар катышты.

Туркияда 15-илюлду расмий «Демократия жана улуттук биримдик күнү» деп белгилеген. 2016-жылдагы окуяда 200дѳн ашуун адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, Түрк парламентинин имаратында өткөн иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн парламент жетекчилери менен депутаттары чакырылган

Парламенттин төрага баштаган делегациянын расмий иш сапары эки тараптуу жолугушуулар менен уланат. Бүгүн кыргыз делегациясы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышкан эскерүүгө катышат. Ошондой эле Дастанбек Жумабековдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу да пландалган.

Тѳрага Дастан Жумабеков жетектеген делегациянын курамында алты депутат. Алар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев жана Талант Мамытов.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз