Воскресенье, 8 декабря

Кыргызстанда канча мектеп курулду? (Расмий маалымат)

0

Кыргызстан социалдык объекттерди кайра курууда акыркы 4 жылда рекорд койду. Өлкөдөгү эскилиги жеткен мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу мамлекеттин балансындагы объектилер жаңылоого муктаж абалына келип калган. Көпчүлүгүнүн ичине кирсең сыз жыттанып, жылдап акталып-сырдала берип кейиштүү абалда иштеп келгени сыр эмес.

Жаңы бийлик орноп, өлкөнүн экономикасын көтөрүү менен социалдык объектилерди жаңылоону же жаңы Кыргызстанды куруу доору башталды.

Дүйнөдө экономикалык каатчылык, согуштар, табигый кырсыктар орун алып, айтор аалам анчейин тынч эмес мезгилде, Кыргызстан мурдагыдай кол куушуруп отурбай, экономикалык секирип жасап алдыга карай өнүгүп жатат. Курулуштун массалык түрдө орун алганы бул албетте экономиканын өсүшүн айгинелеп турат.

Төрт жылдагы орун алган курулуштун санына саресеп салып көрө турган болсок, бул көрсөткүчтөр, Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда курулган социалдык объекттердин санынан ашып түшөт.

Жаңы ачылган билим уяларында бардык заманбап шарттар каралган. Атайын кабинеттер, спорт, актовый залдары, кампалар, ашкана, жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, персоналдар бөлмөсү, музыка, спорт жана техникалык бөлмөлөр менен камсыздалган.

Акыркы төрт жыл аралыгында республикада 44 жаңы бала бакча пайдубалынан баштап жаңы курулуп, 13 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз