Воскресенье, 8 декабря

Малайзияда селдин айынан 51 миң киши көчүрүлдү

0

Малайзияда ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер көчкүдөн улам 51 миңден ашуун киши «коопсуз аймактарга» көчүрүлдү.

Бернама агенттигинин маалыматына караганда, ашыкча жаандан улам пайда болгон сел жана жер көчкү, өзгөчө Келантан штатында көптөгөн аймактарда күнүмдүк тиричиликке  терс таасирин тийгизүүдө.

Малайзиядагы темир жол оператору КТМБ сел жана жер көчкүлөрдүн поезд каттамдарынын үзгүлтүккө учурагандыгын билдирип,  жетекчилер  өлкө боюнча 51 миң 305 кишинин коопсуз жардам борборлоруна жеткирилгенин билдирди.

Теренгану мамлекеттик билим берүү департаментинин директору Желани Сулонг да селден улам аймактагы 18 мектептин жабылганын билдирди.

Сулонг жамгыр таасирдүү болгон 6 аймактагы 41 мектептин эвакуациялангандар баш калкалоо үчүн   коопсуз жардам борборлоруна айлангандырылгандыгын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз