Воскресенье, 8 декабря

Ысык-Көлдө улуттук суу форуму өтүүдө

0

Бүгүн Ысык-Көлдө климаттын өзгөрүү шарттарында өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана Ысык-Көлдү сактоого арналган улуттук суу форуму өтүүдө.

Форум Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жана Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев катышты.

Ошондой эле форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын мүчөлөрү, БУУ жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Германия, Франция, Нидерланды, Сербия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык эксперттери катышууда.

Форумдун максаты — Кыргызстандын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүү шарттарында Ысык-Көлдү сактоо болуп саналат.

Форум тажрыйба алмашуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана көлдү коргоо жаатында конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болмокчу.

Дүйнөдөгү эң ири жана эң кооз бийик тоолуу көлдөрдүн бири катары Ысык-Көл маанилүү экологиялык объект гана эмес, жергиликтүү калк менен өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү ресурс болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, Улуттук суу форуму биринчи жолу 2023-жылы өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз