Ош шаарынын мэриясынын алдындагы майыптыгы бар адамдардын маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешинин кезектеги отуруму өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, күн тартибинде Ош шаарындагы унаа токтотуучу жайларда майыптыгы бар жарандар үчүн түзүлгөн шарттар, аларды иш, техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жана санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө маселелер каралды.
Ошондой эле майыптыгы бар жарандарды жумуш менен камсыздоо боюнча Ош шаарынын мэриясынын токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматтар берилди.
Жыйынтыгында күн тартибине коюлган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер чыгарылды.