Четверг, 5 декабря

Сириянын улуттук армиясы жикчил ПККга карата операция баштады

0

Сириянын улуттук армиясы (СУА) жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Тель-Рыфат менен Сириянын түндүк-чыгышынын ортосунда террор коридорун түзүү планына каршы «Эркиндик таңы» операциясын баштады.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Сириянын түндүгүндөгү Идлибде башталган кагылышуулардын натыйжасында режимге каршы куралдуу топтор Сирия режиминин көзөмөлүндөгү Халепти басып алып, Сирия аймагында жаңы операцияларды башталды.

Халепке карата операциянын башталышы менен өтө кыска убакытта көзөмөлүндөгү аймактарды жоготкон Сирия режиминин күчтөрү куралдуу топторго каршы террор уюму ПКК/ЙПГден колдоо сурады жана бул ПКК/ЙПГге аянтты ачты.

Сирия режими Евфраттын чыгышындагы көзөмөлүндөгү жерлерди ПКК/ЙПГ күчтөрүнө өткөрүп бере баштады, Евфраттын чыгышынан көп сандаган ПКК/ЙПГ мүчөсү Халеп аймагына барды жана уюмга таандык оор курал-жарактар аймакка жөнөтүлө баштады.

Террордук уюм ПКК/ЙПГ Тель-Рыфат менен Сириянын түндүк-чыгышынын ортосунда террор коридору түзүү планын ишке киргизген, бирок бул план СУА тарабынан талкаланган.

Режимге каршы куралдуу топтордун Халепке карай илгерилегенинен пайдаланган террордук уюмдун бул кадамын түшүнгөн СУА топтору «Эркиндик таңы» операциясын баштап, ылдам түрдө согушка кирди.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, СУА Ракка менен Халептин ортосундагы жолду жаап, ПКК/ЙПГнын Тель-Рыфат менен Сириянын түндүк-чыгышынын ортосунда террор коридорун түзүшүнө бөгөт койду.

СУА, Эркиндик таңы операциясында Халеп провинциясындагы Кувейр аскердик аэропортун басып алып, ПКК/ЙПГнын Тел Рыфат-Манбиж логистикалык линиясын кести.

СУА Түркиядан 13 километр алыстыктагы стратегиялык мааниге ээ болгон Минныг аэропортун да ээледи.

Орусия менен Иран да 2016-жылы террордук уюм ПКК/ЙПГ тарабынан басып алынган аэропортту штаб катары пайдаланып, аскердик жүктөрдү бул жерден тараткан.

Террордук уюм ушул жерден «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциясы аймагын бутага алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз