Пятница, 15 мая

ӨКМ машыгуу өткөрдү (Видео)

0

Күн мурун өрт өчүрүүчүлөрдүн тажрыйбасын арттырган машыгуу болуп өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкектин Октябрь районунда курулуп жаткан 14 кабаттуу турак үйлөрдүн биринде атайын өрт-тактикалык машыгуу өтүп, анда көп кабаттан турган имараттын эң үстүндө чыккан өрттү өчүрүүдөгү куткаруучулардын ыкчам аракети, тажрыйбасы бааланды.

Машыгууга Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын бардык өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн өрт өчүрүүчүлөрү катышып, 54 метр жана 30 метрлик автошаты, 3 өрт өчүрүүчү унаа, штаб жана куткаруу кызматы тартылган.

Белгилей кетсек, мындай машыгуулар башкармалыктын планынын негизинде, куткаруучулардын өрт кырсыгында эмоционалдык туруктуулугун бекемдөө максатында жылына 2 ирет өткөрүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз