2024-жылдын 10 айында Кыргызстандан 23 миң тоннага жакын өрүк экспорттолгон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрүк негизинен Россияга (17 050 тонна), Казакстанга (5476 тонна) жана Беларуска (105,1 тонна) экспорттолду.
Белгилей кетсек, республика боюнча 12,7 миң гектар аянттагы өрүк бактары мөмө берүү курагында, алардын көбү Баткен жана Ысык-Көл облустарына туура келет.
Өрүк антиоксиданттарга бай жана курамында мээге пайдалуу жана когнитивдик бузулуулардын алдын алууга жардам берүүчү А, С жана Е витаминдери бар. Мындан тышкары, өрүктүн курамындагы калий менен магний булчуңдардын, анын ичинде беттин жана үн байламталарынын эс алуусуна өбөлгө түзөт.
Кыргызстанда өстүрүлгөн өрүктөр өзгөчө даамы жана жыпар жыты менен айырмаланат. Климаттык, рельефтик жана топурак өзгөчөлүктөрү өрүккө бай даам берип, ширелүү кылат. Өрүктөр химиялык жер семирткичтер жана пестициддер колдонулбаган экологиялык таза органикалык шартта өстүрүлөт, бул да анын сапатына жана даамына таасирин тийгизет.
Ысык-Көл облусунда негизинен өрүктүн шалах (королдук), султан, лимонка, ал эми Баткен облусунда приция, магадор, микадо сорттору өстүрүлөт.