Четверг, 26 декабря

Кыргызгидромет шашылыш билдрүү таратты

0

Кыргызстандын аймагында 8-9-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

8-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт:

  • Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз 4…-9°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11,
  • Тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°,
  • Тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27° градус суук, күндүз -13…-18°,
  • Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19.

Мындай туруксуз аба ырайы авто унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз