Калифорнияда магнитудасы 7,3кө жеткен катуу жер титирөө болду. Бул тууралуу Еuronews АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына таянуу менен кабарлады.
Жер титирөөнүн очогу Атлантика океанында, Петролиа шаарынын батышында 63 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Түндүк Калифорнияда катуу жер силкинүүнүн магнитудасы 7,3,кө жетип, бийлик цунами коркунучу жаралганын жарыялады. Жер титирөө кечээ эртең менен 10:44тө Ферндейл шаарынын батышындагы Орегона менен чектешкен анча чоң эмес Гумбольдт шаарында катталган.
Жердин силкинүүсү Сан-Франциского чейин сезилген. Шаардагы зоопаркка келгендер эвакуацияланып, жаныбарлар коопсуз жайга киргизилген.
Улуттук аба ырайы кызматы Түндүк Калифорния боюнча эскертүү таратып, күчтүү толкундар жана катуу агымдар жээкке таасир этиши мүмкүн экендигин белгилеген. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек. Калифорния штатынын губернатору жер титирөөгө байланыштуу өзгөчө абал режимин киргизди.
Геологиялык кызматтын маалыматында 1,3 миллиондон ашык адам жер титиреген аймакка жакын жашайт.