Четверг, 26 декабря

73 жаштагы аксакал Баткенден Бишкеке жөө келди

0

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Баткен районунун 73 жаштагы тургуну Абдыбакир Имаров Баткен шаарынан Бишкекке чейин жөө жүрүш жасады.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, карыя 14-ноябрь күнү Баткенден жөнөп, 25 күндө борборго жетүүнү максат кылган. Бирок 21 күн дегенде кечээ, 5-декабрда Бишкекке жетти.

Абдыбакир Имаров улгайып калганына жана аба ырайынын суугуна карабастан, 1000 чакырымды жөө басып өтүүнү чечкен. Муну менен ал жарандарды сергек жана бакубат жашоого үндөйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз