Кечээ кечинде, 7-декабрда саат 17:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа–Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында жер көчтү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалпы көлөмү болжол менен 12 миң куб метр жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган. Жабыркагандар жок. Учурда унаалар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен жүрүүдө.
Жеринде милиция кызматкерлери тарабынан пост уюштурулган.
Эртең, 8-декабрда атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлөт. Кошумча маалымат берилет.