Президент Садыр Жапаров Түркиянын TRT AVAZ телеканалына маек курду. Анда Афганистандагы кырдаал боюнча суроолорго жооп берип, көп жылдардан берки согуштун айынан кыйналып, кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан элге Кыргызстан дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу үчүн кандай иштерди аткарып жаткандыгы тууралуу айтты.
— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич.
Биздин суроолорубузга жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Эл аралык иш-чараларда, ар кыл саммиттерде Сиз ар дайым Афганистан темасын көтөрүп келесиз? Бул мамлекет изоляцияда калганын айтып, аларга гуманитардык жардам берүүгө чакырасыз. Эмне үчүн аларга мынча жан тартасыз жана өзүңүздүн мамлекет дагы Афганистанга гуманитардык жардам берип келеби?
— Саламатчылык. Туура баамдадыңыз. Эл аралык иш-чаралар учурунда Афганистанга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылып келе жатабыз.
Өзүңүздөр билгендей, афган эли узак жылдар бою согуш жана анын кесепеттеринен жапа чегип, кыйналып келет. Афганистан менен чек арабыз түздөн-түз болбосо да, кошуна өлкөбүз аркылуу чектешет. Андыктан ал жактагы абалдын курчушу кайсыл бир деңгээлде бизди дагы тынчсыздандырат.
Өзүңүздөр билгендей, 2021-жылы Афганистанда бийликке “Талибан” кыймылынын лидерлери келишти. Азыркыга чейин бул өлкөдө жетекчилик кылууда.
Каалайбызбы-каалабайбызбы өлкөнү талибдер башкарып жатканы айныгыс факты. Муну эч ким тана албайт. Бир катар өлкөлөр, анын ичинде биз дагы “Талибанды” тыюу салынган уюм тизмесинен чыгардык.
Талибдер бийликке келгенден көп өтпөй эле биз алар менен афган элине жардам көрсөтүү максатында байланышка чыктык. Бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөттүк. Жогоруда белгилегенимдей, Афганистандагы кырдаалдын мындан ары дагы курчушу биздин регионго да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан биз Афганистандын азыркы бийлиги менен кызматташып жатканыбызды жашырбайбыз. Колубуздан келишинче жардам көрсөтүүдөбүз. Албетте, бул жетишсиз.
Эгерде талибдер алсыз болсо аларды Афган эли эчак эле бийликтен сүрүп түшүшмөк да. Үч жылдан ашты. Жаманбы-жакшыбы иштеп жатышат. Эли аларды колдоп жатат.
Азыр алар дээрлик толук изоляцияда турушат. Биз, дүйнө коомчулугу бир нерсени жакшы түшүнүшүбүз керек. Бул — Афганистанды дүйнөнүн калган бөлүгүнөн бөлүп, изоляцияда кармоо менен маселе чечилбейт. Тескерисинче, азыркы кырдаал канчалык создуккан сайын афган эли азаптуу күндөрдү башынан кечириши улана берет.
Талибдер 2021-жылдын жайында бийликке келгенде Афганистандын Борбордук банкынын чет жактагы 9,4 млрд долларлык активдери батыш өлкөлөрүндө “тоңдурулганын” жакшы билесиздер. Анын 7 млрд доллардайы АКШда.
Бул каражатты Афганистандагы кырдаалды жакшыртууга жана афган элинин бакубатчылыгы үчүн тез арада кайтаруу зарыл деп эсептейм. Мисалы, бул каражатты Афганистандын азыркы бийлиги өздөрүнүн инфраструктуралык объектилерин калыбына келтирүүдөн тышкары жергиликтүү банктары аркылуу жарандарына жеткиликтүү кредит берип, айыл чарбасын өнүктүрүп, жакырчылыкта күн кечирип жаткан жарандарын ирдентүүгө жол ача алмак деп эсептейм. Азыр Афганистандын элинин көпчүлүгү ачарчылык коркунучунда турат.
Андыктан учурдан пайдаланып, Европа өлкөлөрүнүн лидерлерин, Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилигин Афганистандын азыркы бийлигин таанууга, афган элинин келечеги үчүн “тоңдурулган” каражаттарын кайтарып берүүгө чакырат элем.
Баштапкы этапта балким Афганистан жетекчилигин тар курамда Европа өлкөлөрүнүн бир-экөөнө иш сапар менен келип кетүүгө чакырышар? Алар дүйнөнүн өнүккөн делген өлкөлөрүндө болуп, дүйнө элдери кандай шартта жана кантип күн кечирип жатканын өз көздөрү менен көрүшсө бул дагы болсо алардын мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбаларына оң таасирин бермек. Изоляцияда кармап тура берсек, 50 жылда да оң таасирин бербейт.
Буга кошумча Европа өлкөлөрү же Америка Афганистанга жардам берүүнүн алкагында ар кыл долбоор же атайын программалар аркылуу техникалык жардам бере турган болсо, биз аны ишке ашырууга даярбыз.
— Мисалы?
— Мисалы, узак жылдарга созулган согуш, туруксуздук афган элинин билим берүү тутумуна терс таасир эткенин билебиз. Эгерде техникалык жардам көрсөтүлө турган болсо, биз Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын базасында афгандык студенттерди ар кыл адистиктерге (мугалим, бажы, дарыгер жана башка) окутууга даярбыз. Эгерде ушул сунушубузга макул боло турган өлкөлөр болсо анын деталдуу планын тез арада чогуу иштеп чыгууга жана ишке ашыра баштоого кудуретибиз жетет. Балким, чакан топ-топ кылып окутабыз. Балким, бир учурда бардык багыттар боюнча 100дөн адистерди даярдап беребиз. Сөзсүз эле студенттер эмес, балким орто звенодогу мамлекеттик кызматкерлерин окутабыз. Эң башкысы боордош Афганистандын калкына жардам көрсөтүүгө болгон умтулуубуз бар.
— Жакшы идея экен. Бул сунушуңузду Европа мамлекеттери колдоп берди дейли. Эмнеге таянып ийгиликтүү болоруна ишеним артып жатасыз?
— 90-жылдары Советтер союзу ыдыраганда көп эле өлкөлөр оор күндөрдү баштарынан кечиришти. Бул базар экономикасына жаңыдан аралаша баштаган маал эле. Ошол жылдары Кыргызстандан миңдеген жаштарыбыз чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Бир канча жылдан кийин алардын көпчүлүгү мекенине кайтып келип, өздөрү жүргөн өлкөлөрдө көргөн тажрыйбасын ийгиликтүү ишке ашырышты. Мисалы, кызмат көрсөтүү тармагында үйрөнгөндөрүн Бишкектеги мейманкана, кафе, ресторандарды иштетүүдө, айыл чарбасындагы алдынкы технологияларды колдонуу аркылуу түшүмдүүлүктү жана сапатты жогорулатууга ийгиликтүү колдонгонун баарыбыз көрдүк. Завод, фабрикаларды салып жатышат. Сөз азыр өздөрү жакшы турумуш издеп чет өлкөгө барып, ондогон жылдар бою иштеп келип, анан үйрөнгөнүн мекенине пайдалангандар тууралуу болуп жатат. Эми элестетсеңиз, чет өлкөлөрдөн атайын окуудан өткөндөрдүн иш натыйжалуулугу алда канча жогору болот да. Ушул эле тажрыйбаны бизден да алда канча өнүгүп кеттик деген мамлекеттер дагы Афганистанга жардам кылып кошумча ишке ашырышсын.
— Талибандар өздөрү ушуга макул болот дейсизби?
Албетте макул болот. Кеп алардын өлкөсүнүн өсүп-өнүгүүсү, элинин кыйналбай жашоосу жөнүндө болуп жатса, кантип каршы болушмак эле. Алар деле элине кам көрбөсө бийликте узакка тура албасын мыкты түшүнүшөт деп ишенем.
Анын үстүнө Ислам дининде билимге, аял затынын укуктарына өзгөчө көңүл бурулган эмеспи.
Ислам эзилгендерге үмүт, аялзатына урмат жана укук берди. Курани Карим аялзатына жакшы мамиле кылууга чакырды:
«Аялдарга (жубайыңарга) жакшы мамиле кылгыла. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Аллах силер жаман көргөн нерседен мүмкүн көп жакшылыкты берер», — деп айтылат.
Илимдин ислам дининде орду аябай зор. Бул дүйнөдө ак менен караны, адал менен арамды ажыратыш үчүн илим алуу баарыбызга милдеттүү.
Аллах Таала Куранда: «Эй (Мухаммад!) Аларга: “Билгендер менен билбегендер тең боло албайт?”-деп айткан. Чындыгында акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат»- деп айткан. (Зумарсүрөсү – 9 аят).
Абу Масъуд (андан Аллах ыраазы болсун) баяндайт: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Дин илимин алуу ар бир мусулман эркек жана мусулман аялга парз».
Ошондуктан ар бир эркек, ар бир мусулман аял илим алууга милдеттүү.
Адам укуктары, демократия дегенди Европа мамлекеттери безилдеп эң көп айтышат. Аларга мен кайрылат элем: келиңиздер, адам укуктары кантип корголорун, демократия кантип ишке ашарын Афганистан бийлигин таануу жана аларга реалдуу жардам берүү аркылуу көрсөтүңүздөр. Аларга дүйнөнүн бардык мамлекеттерине эшик ачып берели. Чоочулооңор катуу болуп жатса, конкреттүү талаптар аркылуу чектелген өлчөмдө аз-аздан виза берели. Алар дагы цивилизациялуу делген коомго интеграцияланышсын. Цивилизациялуу өлкөлөрдү көрүп келишип аялдарга, кыздарга болгон мамилелери тез өзгөрөт эле.
Болбосо афган элинин убалы кимде болот деген суроону өзүңүздөргө берип көрүңүздөр. Өмүр бою Афганистандан чыкпай согушуп келген согушчан адамдарды санкция же изоляция менен тарбиялоого эч мүмкүн эмес.
Менин оюмча, талиб жетекчилерин диалог менен гана ынандырсак болот. Канча көп сүйлөшүп, жолугуп турсак ошончолук таасир беребиз. Афгандыктар чыгыш элдерине кирет ошондуктан аларга өзгөчө мамиле жасасак, жакшы жыйынтык чыгышы мүмкүн.
— Рахмат!