Пятница, 27 декабря

Сириянын президенти Москвага үй-бүлөсү менен барды

0

Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын Москвага келип Россиядан башпаанек алганы айтылды.

Маалыматка караганда, Россиядан башпаанек алган Асад Москвага үй-бүлөсү менен келген.

Москва БУУнун алкагында Сириядагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдүн жанданышы зарыл деп билдирүүдө. Сириянын оппозициячыл күчтөрүнүн башчылары өлкө аймагындагы россиялык аскердик базалардын жана дипломатиялык мекемелердин коопсуздугун кепилдеп жатат.

Эске салсак, 27-ноябрда оппозициялык куралдуу топтордун мүчөлөрү Алеппо жана Идлиб провинцияларында өкмөткө каршы кеңири масштабдагы чабуулду баштаган. 7-декабрда Асаддын каршылаштары Алеппо, Дейр-эз-Зор, Дераа, Хама жана Хомс ири шаарларын басып алышкан. Андан соң алар Дамаскка кирип барышканда аскерлер шаардан чыгып кетишкен. Сириянын ички сүйлөшүүлөрүнөн кийин Сириянын президенти Асад кызматын таштап, өлкөсүнөн чыгып кеткен.

Ал арада Сириядагы кырдаалга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адан Гебрейесус өлкөдө уюм өз иштерин уланта берерин айтты. Уюмдун жетекчиси алар үзгүлтүксүз медициналык кызмат көрсөтүү менен алектенерин, саламаттык сактоо мекемелери, транспорт жана башка объекттер корголушу керектигин белгиледи.

“Биз бардык тараптарды бул талапты аткарууга чакырабыз. Биз ошондой эле донорлорду ДССУга жана анын өнөктөштөрдү өмүрлөрдү сактап калуу боюнча миссиябызга жетүү үчүн тез арада ресурстар менен камсыз кылууга чакырабыз”, — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз