Суббота, 28 декабря

Сириянын улуттук армиясы Манбиж районун террористтерден арындырды

0

Сириянын улуттук армиясы (СУА) террордук уюм ПКК/ЙПГга карай баштаган «Эркиндик таңы» операциясынын алкагында Манбиж районунда алдыга жылууда.

СУА Манбиждин 80 пайызынын көзөмөлгө алынганын жарыялады.

Коопсуздук булактары СУАнын Манбиж борборуна киргенин билдирди.

Террор уюмдарына абадан жана кургактыктан кийлигишүү уланып жатканы белгиленген билдирүүдө : «ПКК/ЙПГ менен күрөшүүдө жеңишке абдан жакынбыз. Бардык террордук уюмдун элементтери аймактан тазаланып жатат»,-деп айтылды.

2016-жылы ПКК/ЙПГ тарабынан басып алынган Манбижде эл козголоң чыгарып, террордук уюмду шаардан чыгаруу аракетинде.

Манбиж калкы шаардын борборунда козголоң чыгарып, түрмөлөрдөгү туткундарды куткарды.

Райондун калкынын басымдуу көпчүлүгүн арабдар түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз