Вторник, 7 января

“Кыргыз темир жолу” жылдын башынан тарта бюджетке 534 млн 87 миң сом каражат которду

0

“Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы тарабынан акыркы 10 айдын ичинде республикалык бюджетке 534 млн 87 миң сом каражат которулган. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Ал эми Социалдык фондго 452 млн 707 миң сом төлөнгөнүн ишкана жетекчиси кошумчалады.

““Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тарабынан акыркы 10 айдын ичинде 7 млн 258 миң тонна жүк, 227 миң 670 жүргүнчү ташылган. Анын ичинде эл аралык каттам боюнча 12 миң 227, ал эми республикалык ички ташуулар боюнча 215 миң 443 жүргүнчү ташылган”, — дейт Дастан Усубакунов.

Ошондой эле жүргүнчү жана жүк ташуудан тышкары ишкана ички инфраструктураны өнүктүрүү багытында Балыкчы-Кочкор -Кара-Кече темир жол долбоору боюнча учурда 35 км темир жолдун үстүңкү жол тилкесин бүтүрдү.

“15-декабрга чейин 37 чакырымдан 43 чакырымга чейинки ортодогу тилкеде жардыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Быйылкы планга киргизилген 40 чакырым бүтүп, 2025-жылы 63,5-чакырымга чейинки аралыкты куруп бүткөнгө аракет кылабыз”,- деди Усубакунов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз