2024-жылы Кыргызстандын аймагында 902 гектар аянтка коон айдалды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунда коонду эң көп Араван жана Кара-Суу районунун дыйкандары өстүрүшөт.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2024-жылы коон – 35 гектарга, Ноокен районунда – 139,0 гектарда өстүрүлгөн. Ал эми экспорттун көлөмү – 10-15 миң тоннаны түзгөн.
Кыргызстандын коондору өзгөчө климаттык шарттары жана топурагынын өзгөчөлүктөрүнүн аркасында жогорку сапаттуулугу жана даамдуулугу менен айырмаланат.