Воскресенье, 5 января

Султанбеков 26 күндөн бери ачкачылык кармоодо

0

Жаза аткаруу кызматы Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан лидери Темирлан Султанбеков 7-декабрда комплекстүү медициналык текшерүүдөн баш тартуу боюнча жазуу жүзүндө арыз бергенин билдирди. Мекеме ал тамак-аш ичпей, ачкачылык кармоо ден соолугуна зыян экени тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай жатканын кошумчалады.

“Темирлан Султанбеков №1 тергөө абагынын медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ал суу, шире (сок) жана максым ичип жатат. Мекеменин жетекчилиги ага түшүндүрүү иштерин улантууда”, — деп айтылат маалыматта.

Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 26 күн болду. Ал ачкачылыкты Бишкек шаардык милициясы кармаганда эле баштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз