Сириянын Латакия шаарында Башар Асаддын аталаш бир тууганы Сулейман Хилал Асад дарга асылды.
Сондакика кабарлагандай, аталаш агасы Асадды эл кармап алып, чогулган эл аны шаардын аянтында дарга асып салышкан.
27-ноябрда Сириянын куралдуу оппозициясы Алеппо жана Идлиб провинцияларында өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулду баштаган. 7-декабрга карата алар Алеппо, Дейр-эз-Зор, Дараа, Хама жана Хомс сыяктуу бир нече ири шаарларды каратып алышкан. 8-декабрда оппозициялык күчтөр шаарга киргенден кийин Сирия армиясынын бөлүктөрү Дамасктан чыгып кетишкен. Башар Асад президенттиктен жана өлкөдөн кетти. Орусия ага башпаанек берди. Сирияда калган премьер-министр Мохаммед Гази ал-Жалали исламчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү уюштуруу ниети тууралуу билдирди.