Четверг, 12 декабря

Бүгүн Эл аралык тоолор күнү!

0

Бүгүн Эл аралык тоолор күнү белгиленүүдө.

Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 77-сессиясында тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнү илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн таануу менен “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алган. Анын алкагында 2023–2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.

Эл аралык тоолор күнү тоо экосистемасынын маанилүүлүгү менен уникалдуулугун, ошондой эле дүйнө жүзүндө климаттын, айлана-чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнүн кесепетинен тоолор туш болгон коркунучтарды эске салып турат.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, кыргызстандыктарды Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады. Ал: “Кыргызстан тоолуу өлкө катары өзүнүн уникалдуу табигый байлыктары, аска зоолору, ак мөңгүлөрү жана дарыя-суулары менен сыймыктанат. Булар бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн күн кечириши үчүн абдан маанилүү. Ошентсе да жалпы экосистемада калдайган тоолордун дагы эң алсыз жактары бар. Алар адамдын ашыкча иш-аракетинен, климаттын өзгөрүүсүнөн, биологиялык ар түрдүүлүктүн деградациясынан жана табигый ресурстардын түгөнүүсүнөн жапа чегүүдө” — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз