Четверг, 12 декабря

Эрдоган: “Сирия элин колдоону улантабыз”

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын дагы бир жолу бөлүнүшүнө жол бербей тургандарын айтты.

Эрдоган Сириядагы абалга токтолуп, Сириянын 61 жылдык Баас диктатурасынан кийин жарык күндөрдү көргөнүн, Сирия калкы үчүн бакубат жана бактылуу келечектин эшиги ачылганын белгилеген Эрдоган, ДЕАШ, ПКК/ПЙД сыяктуу террордук уюмдардын эң кыска убакытта талкаланарын айтты.

Сириянын дагы бир жолу бөлүнүшүнө жол бербей тургандарын баса белгилеген президент Эрдоган, Сирия аймагынын кайра кагылышуу аймагына айланышына эч качан макул болбой тургандарын баса белгиледи.

Эрдоган Түркиядагы сириялык баш калкалоочулардын ыктыярдуу, коопсуз, сыйлуу жана иреттүү түрдө өлкөсүнө кайтуулары үчүн керектүү шарттарды камсыздай тургандарын, Сириянын калыбына келүү процессине ар тараптан колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын белгиледи.

Эрдоган: «Бир тууган Сирия элинин үйлөрүнө кайтууларына тоскоол болгон эч кандай кадамды же провокацияны кабыл ала албайбыз. Сирия элинин эркиндигине, Сириянын жаңы башкаруучулугунун ырааттуулугуна жана байыркы Сирия жерлеринин бүтүндүгүнө жасалган кандай гана кол салуу болбосун, аларга Сирия эли менен бирге бизди да каршылык кылабыз», — деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз