Четверг, 19 декабря

Борбор калаада «Кыргыз-Өзбек достугу» аттуу концерт өттү

0

Күн мурун Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстан менен Өзбекстандын достугун жана маданий кызматташтыгын даңазалаган «Кыргыз-Өзбек достугу» аттуу чоң программадагы концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, саалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Алтынбек Максүтов жана Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков катышты.

Филармония сахнасында эки өлкөнүн белгилүү искусство өкүлдөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концерттик программада Кыргызстан менен Өзбекстандын маданиятынын өнөр байлыгы менен ар түрдүүлүгүн чагылдырган жаркын музыкалык жана бий номерлери камтылган. Өзгөчө КР Эл артисти наамын жаңы алган Озодбек Назарбеков өзүнүн популярдуу ырларын аткарып, кыргыз көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк тапты.

Бул иш-чара бир тууган элдердин бекем достугун жана маданий алакасын бекемдеген иш-чара болду. Ал келечекте достукту жана коңшулук мамилени чыңдоо багытында биргелешкен долбоорлорду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз