Түркиядан Тель-Рыфат элине колдоо жөнөтүлдү.
Түркиянын Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) Сириянын Тель-Рыфат аймагындагы 625 үй-бүлөгө азык-түлүк пакеттерин таратты.
AFAD тарабынан жасалган билдирүүдө сириялыктардын ыктыярдуу, аман-эсен жана татыктуу кайтууларына колдоо көрсөтүүнү улантканы белгиленди.
Билдирүүдө: «AFAD гуманитардык жардам топтору террордук уюмдан тазаланган Тель-Рыфат аймагында жашаган 625 үй-бүлөгө азык-түлүк пакеттерин таратышты. Элибиз үчүн өлкөбүздө, адамзат үчүн чек арабыздын тышында жардамыбыз уланууда»,-деп айттылды.
Сириянын Улуттук армиясы (СУА) декабрь айында баштаган «Эркиндик таңы» операциясынын биринчи күнүндө Тель-Рыфат районунун борборун террордук уюм ПКК/ЙПГден бошотту.
Операцияда Манбиж районунун бошотулушу менен Евфрат дарыясынын батышындагы эң чоң террор уясына айланган аймак ПКК/ЙПГден тазаланды.