Израиль армиясынын Газа тилкесинин ар кайсы жерлерине жасаган кол салууларында 19 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
Израиль армиясы Газанын түштүгүндөгү Сабра районунда «Абу Шенеб», «Кияли» жана «эл-Лавх» үй-бүлөлөрүнө таандык үйлөрдү бутага алып, 3 үй-бүлөдөн 9 киши каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.
Израилдин учкучсуз учуучу аппараттарынын Газа тилкесинин түштүгүндө эки мотоциклди бутага алышынын натыйжасында да үч киши каза тапты.
Израиль армиясынын Газа шаарынын борбору менен Рафах шаарында эки башка кол салуусунда 6 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
Мындан тышкары Израилдин Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Дейр ал-Белах шаарында учкучсуз учуучу аппараттар менен жасаган кол салуусунда бир киши каза болуп, бир киши жаракат алды.
Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине карай кол салууларында болжол менен 17 миң 492си бала, 11 миң 979у аял жалпы 45 миң 129 палестиналык каза болуп, 107 миң 338 киши жараланды.
Урандылардын астында дагы деле миңдеген өлүктөрдүн бар экени билдирилсе, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.