Бишкек – Ош унаа жолундагы, Жайыл районунун «Сосновка» постундагы оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 09:35те, ал эми Токтогул районунун “Арал” постунда саат 08:56да алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чектөө Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №9 Жол тейлөө ишканасы жана №23 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча кечээ киргизилген.
Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.