Бишкектеги президенттин “Ынтымак-Ордо” администрациясында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду.
Документ министрлер кабинети менен “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу» компаниясынын ортосунда макулдашылганын өкмөттөн кабарлашты.
Макулдашууга Кыргызстан тараптан Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, ал эми инвестор тараптан – “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжун Шэнгуй кол койгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүнкү кол коюу сүйлөшүүлөр процессинин узак жана татаал мезгилинен аймактык жана эл аралык мааниси терең масштабдагы инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруунун практикалык планына өтүп жаткан кадам экенин белгилеген.
Бул иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ли Баоцзе жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Иязходжаев баштаган делегация мүчөлөрү катышкан.
Документте долбоорлоо, курулуш иштери, каржылоо, эксплутация жана техникалык иштер тууралуу тартиптер көрсөтүлгөн.
Садыр Жапаров кечээ Курултайда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун расмий курулушу 27-декабрда башталарын билдирген.