Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жекшемби күнү Дамаскта Сириянын де-факто лидери Ахмед аш-Шара менен жолугушту.
Жолугушуудан кийин Фидан менен аль-Шара биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.
Хакан Фидан: «Бүгүнкү жолугушуубузда Сирия элинин ПКК/ЙПГ менен күрөшүүдө канчалык чечкиндүү экенин дагы бир жолу көрдүм. ПКК/ЙПГ эң кыска убакытта өзүн таркатышы керек. Сирия элинин ДЕАШка каршы күрөшүнө эң күчтүү колдоону берүүгө даярбыз. Мурдагыдай эле бүгүн да ДЕАШтын Сириядагы абалдан пайдаланышына эч качан уруксат бербейбиз. Баас караңгылыгынан кутулган Сирия да ПКК/ЙПГ жана ДЕАШты Сириядан тазалайт», — деди.