Понедельник, 6 мая

ФЕТО террордук уюму менен күрөш токтобойт

0

Түркия Республикасынын 2016-жылдын 15-июлунан 16на караган түнү уюштурулган аскердик төңкөрүш аракетинин үч жылдыгына карата билдирүүсү.

ФЕТО террордук уюму тарабынан 15-июлда жасалган мамлекеттик төңкөрүш аракетине үч жыл болду.

Бул ФЕТО жетекчилиги тарабынан пландаштырылган жана биздин армиянын катарына кирип алып бул уюмдун жетекчилери тарабынан жасалган мамлекеттик төңкөрүш аракети Түркиянын тарыхындагы эң кандуу террордук кол салуу болуп саналат.

Биздин тарыхыбызда али өзү кызмат кылып, жашап жаткан мамлекетине каршы жасалган мыкаачылык менен саткынчылык мурда болуп көргөн эмес. Биздин Парламенттин имараты, президенттик комплекс, Улуттук чалгындоо мекемесинин кеңсеси, Гөлбашы районунда жайгашкан полициянын Атайын операциялар борбору, Түркия полициясынын имараты алгач душмандардын бутасына алынып, бомбаланган.

Эч кандай күнөөсү жок катардагы жарандарды кумурскадай тебелетүү үчүн танкалар көчөгө чыгарылып, ошол эле мезгилде реактивдүү самолеттор асмандан бомбаларды жаадырып, тик учактардан  көрүнгөн адамдардын баардыгын аткылашкан. Аскердик кийимге жамынып алган ФЕТОнун чыккынчылары өздөрүнүн эле куралдаш кесиптештерин эч тартынбастан бомбалашкан. Ал тургай үстөккө-босток бомбалоодон 51 полициянын денеси табылбай калды. Алар өз мекени үчүн баатырларча курман болушту. Ошол каргашалуу түнү 251 адам каза болуп, эки миңден ашык жарандарыбыз ар кандай деңгээлде денелеринен жаракаттарды алышты.

15-июлдагы төңкөрүш аракети ФЕТО террордук уюму биздин өлкө үчүн өтө чоң коркунуч жараткандыгын айгинелеп койду. Бул мамлекеттик төңкөрүш аракетинин түпкү максатын чындап түшүнүү үчүн бул караңгы тармактын ондогон жылдар боюу түзүлүп, калыптанган мектептер менен даярдоо курстарындагы ишин иликтөө аркылуу түшүнүү керек. Алардын жаш жеткинчектердин акыл-эсин мектептердеги билим берүү деген атка жамынып алып,  тазалоо аркылуу өздөрүнүн кара мүртөз идеологиясы менен уюмдун көрсөтмөсүн токтоосуз түрдө аткаруу буйругун беришкен жана радикалдуу түшүнүккө ишендиришкен. Алар муну менен баардык укуктук жана моралдык нормаларды бузушкан.

Бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү экзамендин суроолорун уурдоо аркылуу мамлекеттик маанилүү кызматтарды ээлегенге жетишкен. Ал эми аларга каршылык көрсөткөндөр аёосуз түрдө ар кандай жолдор менен жок кылынган.

ФЕТО мамлекеттик ресурстарды жеке кызыкчылыгына колдонуу жана бийликти уюмдун максаттарын ишке ашыруу максатында өзүнүн экономикалык жана саясый таасирин чыңдаган. Тилекке каршы ФЕТО тарабынан түзүлгөн жашыруун түзүмдүн чыныгы масштабы биздин эң чоң мекемебиз болгон Түркиянын куралдуу күчтөрүндө 15-июлда гана түшүнүктүү болду.

Бул коркунучтуу уюмду жок кылуудагы чоң каршылык өздөрүн дүйнө жүзүнө эч кандай үстөмдүк кылган күчтү тааныбай тургандыгын жана мамлекети менен демократиялык түзүлүштү коргоого даяр экендигин далилдеп, өз өмүрлөрүн курмандыкка чалууга даяр турган түрк эли тарабынан жасалды. 

Акыркы үч жылда ФЕТО менен күрөш Түркиянын өзүндө да, чет мамлекеттерде да биздин эң негизги багытыбыз болууда. Түркияда биздин аракетибиз төмөндөгүдөй үч багытта жүрдү:

А) Биринчиден, мыйзамдын үстөмдүгүнүн негизинде 15-июлдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылды;

Б) ФЕТОнун уюмдашкан түзүмүнүн мамлекеттик мекемелердеги мүчөлөрүнүн жүзү ачылып, аларга карата административдик жана соттук чаралар көрүлдү. Анын натыйжасында “параллелдүү мамлекет” талкаланды;

В) Мамлекеттик мекемелерден тышкары ФЕТОнун өздөрүнүн түзүмдөрү аркылуу экономиканын баардык тармактарына таасир этүүгө аракет кылган, айрыкча билим берүү, массалык маалымат каражаттары жана банк чөйрөлөрү ооздукталды.

Өзгөчө ккопсуздук абалына карабастан, биздин ички күрөшүбүз мыйзамдын үстөмдүгү, адам эркиндиги менен укугун коргоо негизинде жүргүзүлөт. Андыктан баардык доо арыздар, адам укугунун кемсинтилиши боюнча кайрылуулар дыкаттык менен каралып, алгылыктуу жооптор берилди. Ошондой эле бул багытта түшкөн даттанууларды карай турган жаңы механизмдер түзүлдү.

Бул процессте ФЕТО өзүнүн  ишмердүүлүгүн бир топ өзгөрттү. Түркияда өзүнүн тирегинен ажыраган  уюм эми өзүнүн чет өлкөлөрдөгү түзүмдөрүн колдонуу аркылуу жашоосун улантуу аракетин көрүүдө. Демек, ФЕТОнун чет өлкөлөрдөгү түзүмдөрү менен күрөшүү үчүн чоң күч жумшоо зарылдыгы жаралууда.

ФЕТОнун чет өлкөлөрдөгү түзүмдөрү менен күрөшүү Түркия ТИМнин негизги милдети болуп саналат.

Биздин аракетибиздин негизги багыттары кыскача төмөндөгү багыттарда жүргүзүлөт:

А) ФЕТО өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн башка мамлекеттерге да коркунуч жарата турган болгондуктан, биздин аракетибиздин негизги иш аракетибиз ушул жагдайды түшүндүрүү болуп саналат. Буга байланыштуу чогултулган иштиктүү мисалдар ФЕТО жашыруун чалгындоочу уюм катары аракет кылып, саясый жана экономикалык таасир этүү зонасын түзүү аракетин көрүп жаткандыгын далилдеди. Демек, 190-жылдары Түркиядагы аракетин башка өлкөлөрдө да улантууда.

Б) Башка жагынан  биз административдик чараларды көрүп, ФЕТОнун чет мамлекеттерде кеңири жайылышын ооздуктоо үчүн соттук териштирүүлөрдү жасадык. Башкача айтканда банктык акча которуулары үзгүлтүккө учурады. Түркияда жүргүзүлгөн тергөөлөрдүн алкагында биз ФЕТОнун мүчөлөрү качып жүргөн өлкөлөргө аларды өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылдык. 

В) Түркиянын “Маариф” фонду ФЕТОнун ал жактардагы адилетсиз жана тескери аракеттерине жооп катары бүткүл дүйнө жүзүндө билим берүү жаатында өз ишмердүүлүгүн улантууда.

Бул багытта биз өз багытыбызды басаңдатпайбыз жана чет өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен ийгиликтер жаралууда. 

Эң негизгиси эл аралык коомчулук акырындык менен ФЕТО – бул билим берүү жана кайрымдуулук менен алектенген социалдык кыймыл эмес, жашыруун жана коркунучтуу саясый жана экономикалык дымагы бар уюм экендигин түшүнүүдө. Уюмдун чыныгы жүзүн чет жактарда коомчулук да түшүнүп калды.

Көптөгөн мамлекеттер жана эл аралык уюмдар ФЕТОну террордук уюм катары жарыялашты. Бул жагдайда ФЕТО ИКУнун 2016-жылы 19-октябрда Тышкы иштер министрлеринин 43-сессиясында террордук уюм деп таанылган. Ушундай эле резолюция 2016-жылы 1-декабрда Азия парламенттик ассамблеясы тарабынан да кабыл алынган жана ИКУнун Парламенттик союзу тарабынан 2017-жылы 27-январда ратификацияланган. Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен катар Пакистандын Жогорку соту ФЕТОну 2018-жылы 28-декабрда террордук уюм деп жарыялады.

Үчүнчү өлкөлөрдө ФЕТО тууралуу маалымат жарыялоо ал жактагы жетекчилердин көңүлүн буруп, тиешелүү чечим кабыл алууга түрткү берүүдө. Көпчүлүк уюмдун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү токтотулуп, депортацияга кабылды. 20дан ашык өлкөдөн 110дон көп ФЕТО мүчөлөрү Түркияга экстрадицияланды.

“Маариф” фонду ФЕТО менен байланышкан мектептерди башкарууну 18 мамлекетте колго алып, 36 мамлекетте ФЕТОнун мектептери менен тил курстары токтотулду.

Биздин аракеттерибиз чет өлкөлөрдө жашаган уюмдун мүчөлөрүн кысымга алып, качууга мажбур болушууда.

Андыктан глобалдык түйүн болуп эсептелген ФЕТО чоң жоготууга учурап, анткен менен Түркияга каршы мамлекеттерди пайдалануу далбасасын көрүүдө.

Биздин бул уюм менен күрөшүбүз узакка созулат жана аларды дүйнө жүзүндө толук жоготмоюнча токтобойт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз