Понедельник, 23 декабря

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1ди куруу үчүн биригүүдө

0

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз энергетикасынын түптөлгөнүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

«Бүгүн биз Кыргыз энергетикасынын 90 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Бул тармакта иштер 1934-жылы башталган. 90 жылдын ичинде чакан ГЭСтер курулган. 1960-жылдан баштап ири ГЭСтер курула баштаган. Учурда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык ГЭСтер модернизацияланууда», — деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Анын айтымында, учурда Токтогул ГЭСинин 3 агрегатын модернизациялоо иштери аяктады. Ар бир жаңыланган агрегатка 60 МВт кубаттуулук кошулат. 2025-жылы төртүнчү блокту модернизациялоо аяктап, 1200 МВт жалпы кубаттуулукка дагы 240 МВт кошулат. Бул Токтогул ГЭСинин оңдоп-түзөөсүз 50-60 жыл үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздайт.

Мындан тышкары, учурда 1962-жылы курулган Үч-Коргон ГЭСинде реконструкциялоо иштери уланууда. Анда дагы 4 агрегат бар, бүгүн алардын биринчиси ишке киргизилүүдө. Жыл сайын бирден агрегат ишке киргизилет.

«Бизде жаңы ГЭСтерди куруу боюнча пландар бар. Биздин эң негизги жана башкы долбоорубуз — Камбар-Ата-1 ГЭСи. Бул ири долбоор. Кыргызстандын бюджетинен 4 млрд сомго жакын каражат бөлүндү. Азыркы учурда даярдык иштери жүрүүдө. Туннель казуу, көпүрө, жол, электр линиясын жана жумушчулар үчүн турак жай куруу иштери жүрүүдө.

Коңшу 3 өлкө — Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан бул ГЭСти биргелешип курууга макулдашкан. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мен техникалык-экономикалык негиздемеси бүтсө, 6-6,5 жылдын ичинде ГЭС курулуп бүтөт», — деди министр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз