Понедельник, 23 декабря

Абдыкадыр Орозбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” даражасы ыйгарылды

0

Мамлекеттик ишмер, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болгон Абдыкадыр Орозбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Наам бүгүн президент Садыр Жапаров тарабынан Абдыкадыр Орозбековдун небересине тапшырылды. Эмгегинде баар тапкан бир катар кыргызстандыктарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо аземи “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында өтүүдө.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Абдыкадыр Орозбеков кыргыз калкынын сабатсыздыгын жоюу, эл агартуу тармагын жолго коюу маселелерин эң негизги максат катары караганын белгиледи.

“Абдыкадыр Орозбеков 1926-жылы Кыргыз АССРдин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Бала чагынан билимди көксөп өскөн Абдыкадыр Орозбеков ардактуу жана мансаптуу жаңы кызматка киришкенден тартып, жалпы кыргыз калкынын сабатсыздыгын жоюу, эл агартуу тармагын жолго коюу маселелерин эң негизги максат катары караганы байкалып турат. Ал 1930-1931-жылдары кыргыз алфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеп, жаңы алфавитти иштеп чыгуу, кабыл алуу, ишке киргизүү жаатында кыйла ийгиликке жетишкени тарых барактарында таасын жазылып турат”, — деди президент.

Белгилүү болгондой, Абдыкадыр Орозбеков карапайым калктын таламын талашып жүрүп, саясаттагы таасири жогорулап, 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун уюштуруу курултайында депутаттар аны облустун төрагалыгына шайлаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз