Среда, 25 декабря

Түрк дүйнөсүнүн орток маданий баалуулуктарынын картасы түзүлөт

0

Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) Орток түрк алфавитинен кийин жаңы кадам таштап, Түрк дүйнөсүнүн орток маданий баалуулуктарын чагылдырган картаны түзүүдө.

Түрк Мамлекеттер Уюмунун Карта мекемелеринин жетекчилеринин 1-жыйыны борбор шаар Анкарада өттү.

Түркиянын Улуттук Коргоо министрлигинин Карта боюнча башкы директору генерал-майор Осман Альп темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Тематикалык маалыматтар картага түшүрүлгөндө бир өлкөдөгү салт же айыл аталышы башка өлкөдө колдонулганы, бир эле тамактардын ​​бир нече өлкөдө жасалганы оңой эле байкалат», — деди.

Генерал-майор Осман Альп: «Бул картаны караган бардык жарандарыбыз, чынында аймактык жактан абдан алыс болгон түрк мамлекеттеринин абдан жакын экенин байкашат. Каада-салт жана үрп-адаттарыбыздын ал жакта да окшош экенин көрүшөт», — деди.

Бул контекстте географиялык жана маданий жактан жалпы картаны даярдоо үчүн жумушчу топ түзүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз