Среда, 25 декабря

Анкарада Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата үч томдук китебинин бет ачары өттү

0

Күн мурун Түркиянын Анкара шаарында айтылуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата чыгармалар жыйнагынын үч томдук китебинин бет ачары өттү.

Иш-чара «Манас» улуттук академиясы жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, КР эл жазуучусу Кайрат Иманалиев, академик Абдылдажан Акматалиев, манасчы Рыспай Исаков жана “Манас” Улуттук академиясынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу баштаган кыргыз делегациясы жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен өкүлдөр катышкан.

Ошондой эле түрк жазуучусу, Манас таануучу Хайритдин Ивгин, Евразия жазуучулар уюмунун төрагасы Уфук Тузман, түрколог Режеп Йүрүмез жана ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттин өкүлдөрү да катышты.

“Манас” академиясынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу билдиргендей, жыйында улуу манасчы Саякбай Каралаев эскерилип, “Манас” эпосу даңазаланып жана аны жайылтуу маселеси талкууланды.

“Келе жаткан жылдын 15-20-январь аралыгында ТҮРКСОЙ уюму БУУда иш-чара өткөрөт. Ошол жерде дагы Саякбай Каралаев тууралуу баяндама жасайм”, — деди ал.

Эскерте кетсек, Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата чыгармалар жыйнактын бет ачары буга чейин Казакстандын Алматы шаарында да өткөн. Ага кыргыз-казак окумуштуулары, манасчылар, жазуучулар жана башка тармактын өкүлдөрү катышкан.

Маалымат үчүн: ХХ кылымдын Гомери аталган Саякбай Каралаев 1894-жылы азыркы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жарык дүйнөгө келген. Каралаевдин варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши 1930-жылдан тарта башталган. Анын аткаруусундагы «Манас»,»Семетей», «Сейтек» үч илтигин, Кенендин, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыктын окуяларын толук жазылып алынган. Саякбай Каралаев кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн үч жолу “Эмгек Кызыл Туу” жана “Ардак белгиси” ордендери, Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн медалы менен сыйланган. 1939-жылы Кыргыз СССРинин эл артисти деген наам берилген. Кыргыз элине көөнөрбөс мурас калтырган улуу манасчы Саякбай Каралаев 1971-жылы 7-майда дүйнөдөн кайткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз