Среда, 25 декабря

Өлкөдө 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталган

0

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында азыркы учурда иштеп жаткан 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталган.

Суу ресурстары, айыл арба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде облустар боюнча:

  • Баткен облусунда – 7;
  • Жалал-Абад облусунда – 38;
  • Ош облусунда – 28;
  • Ысык-Көл облусунда – 25;
  • Нарын облусунда – 11;
  • Талас облусунда – 4;
  • Чүй облусунда – 136;
  • Бишкек шаарында – 146;
  • Ош шаарында – 20.

Ошондой эле тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10 813 жеке ишкерлер катталган, алар:

  • Баткен облусунда – 1214;
  • Жалал-Абад облусунда – 1499;
  • Ысык-Көл облусунда – 712;
  • Нарын облусунда – 562;
  • Ош облусунда – 3021;
  • Талас облусунда – 194;
  • Чүй облусунда – 1815;
  • Бишкек шаарында – 1093;
  • Ош шаарында – 703.

Белгилей кетсек, республиканын кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчеттук мезгилде 19,9 %ды түздү.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2024-жылдын январь-ноябрь айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 53 млрд 139,2 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси (мындан ары текст боюнча ФКИ) – 120,1 % түздү.

Ал эми 2024-жылдын 30-ноябрына карата ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин аймагы боюнча өткөрүлүүчү контролдонуучу товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана (же) сактоону жүзөгө ашыруучу Кыргызстандын уюмдарынын жана жактарынын реестринде болгону 400 субъект катталган, анын ичинде:

  • сүт продукциясын өндүрүү боюнча — 44;
  • бал чогултуу жана сатуу — 68;
  • балык кайра иштетүү — 44;
  • термикалык иштетилген эт азыктарын өндүрүү — 21;
  • улуттук сүт азыктарын өндүрүү — 3;
  • касапкана — 11;
  • тирүү малды өстүрүү жана сатуу — 35;
  • канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар — 10;
  • мал азыгын өндүрүү жана сатуу — 23;
  • жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу — 126;
  • жаныбарлардан алынган сырьену (ичеги, жүн, тери) кайра иштетүү — 14;
  • ветеринардык препараттар — 1.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз