Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан 2024-жылдын 1-январынан тартып азыркы учурга чейин жазуу түрүндөгү мал чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген 2520 ишкердик субъектиге текшерүү жүргүзүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, текшерүү тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жана калктын саламаттыгын коргоо максатында жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ветеринардык-санитардык талаптарды бузуулар аныкталып, анын жыйынтыгы менен бузууларды четтетүү боюнча 300 көрсөтмө берилди.
Ошондой эле белгиленген ветеринардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жалпы суммасы 2 млн 206 миң 500 сом айып салынды.