Балык өнөр жай комплекси департаменти Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылында мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чараларды өткөрдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында 1 млн 500 даана сиг-лудога балыгынын урукталган икрасы алынды.
Белгилей кетсек, балык уругун алуу 2024-2025-жылдарга карата Кыргызстандын балык чарба маанидеги көлмөлөрүндө балык запастарын көбөйтүү максатында жүргүзүлүүдө.