Пятница, 27 декабря

Түркия менен Кыргызстан диний жаатта кызматташуу меморандумуна кол койду

0

Күн мурун Анкара шаарында Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган делегация Түркиянын Дин иштери боюнча төрагасы Али Эрбаш менен жолугушту.

Муфтияттан билдиришкендей, жолугушууда Али Эрбаш кыргыз тараптын достук зыяраты үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында эң тыгыз кызматташкан өлкөлөрдүн бири экенине көңүл бурду.

Ал эми Азамат Юсупов жылуу кабыл алганы үчүн төрага Али Эрбашка ыраазычылык билдирип, Түркия менен Кыргызстан бир тууган эл экенин билдирди.

Жолугушуунун алкагында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана муфтий Абдулазиз кары Закиров Түркиянын Дин иштери боюнча төрагасы менен диний башкармалыктардын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум эки өлкөнүн ортосундагы бир катар маселелерди, анын ичинде диний кызматтарды, диний билим берүүнү жана диний изилдөөлөрдү камтыйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз