Кыргызстанда жыл башынан бери 339 сел кырсыгы катталып, 22 адам каза болду. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
Министр билгилегендей, материалдык чыгымдын көлөмү 1 млрд 255 млн 27 миң сомду түзгөн.
«Жабыр тарткан жарандарга 1 млн сомдон берилди. Сел кырсыктарын алдын алуу максатында алгылыктуу иштер жасалууда. Бүгүнкү күндө биздин гидромет кызматтарынын алдын ала берилген маалыматтары так чыгууда. Биз азыр 5-10 күн мурун эле аба ырайынын кооптуулугу тууралуу маалымат берип жатабыз. Тилекке каршы, жарандарыбыз эскертүүлөргө карабай ошол селдин жолу менен мал кайтарууга чыгып кетишет. Ошол эле селдин жолуна үйлөрдү куруп алышат. Сактыка кордук жок дегендей, канчалык сак болсок биз ошончо кордук көрбөйбүз», — деди ал.